Документтерди жасалмалашкан. Бишкекте милиция кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 17 февраль 2026 11:12
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.59.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.59.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.59.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.59.51.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.59.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.59.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.59.51 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.59.51.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бишкекте документтерди жасалмалоого шектүү милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов РИИБинин кызматкерлери кызматтык шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоого шектелүүдө.

УКМК тарабынан "Башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Свердлов РИИБинин кызматкерлери А.у.К., К.А.Т. жана К.М.К. аттуу 3 кызматкер кармалды.

Учурда алар УКМКнын тергөө камагына кармалды.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.