Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Таиландда жашаган 126 жаштагы аял тууралуу маалымат коомчулуктун көңүлүн бурду. Ал григориан календары боюнча 1900-жылы төрөлгөн. Бул тууралуу Известия билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, анын аты Гуйче Житсакулват. Лампун провинциясынын Ли районунда жашайт. Кызыгы, ал тай тилин билбейт, пака-кэньо (карен) этникалык тобунун диалектинде гана сүйлөйт.
Туугандары журналисттерге кары адамдын өздүгүн тастыктаган документин көрсөтүшкөн. Анда туулган күнү буддисттик календарь боюнча 2443-жылдын 5-сентябры деп жазылган. Бул григориан календары боюнча 1900-жылга туура келет.
Аялдын айтымында, анын бир баласы болуп, ал 40 жаштарында каза болуп калган. Учурда үч небереси бар. Житсакулват өмүр бою ден соолугу чың болуп, бир гана жолу ооруканага түшкөнүн айтат. Мурда ал күрүч талааларында иштеген.
Узак өмүр сүрүшүнүн сырын аял туура жашоо образы менен түшүндүрөт. Ал күнүнө үч маал тамактанып, эт жебейт. Мындан тышкары, күн сайын медитация жасап, дуба окуп, теспе тартат.
Белгилей кетсек, буга чейин Японияда узак жашагандардын саны өсүп жатканы белгиленген. The Japan Times басылмасы 2025-жылдын сентябрына карата өлкөдө 100 жаштан ашкан адамдардын саны 99 763кө жетип, 100 миңге жакындаганын билдирген.