Дүйнөлүк рынокто алтын арзандады: Баасы 4 миң 63 долларга чейин түштү

Дүйнө 13 июль 2026 17:00
Дүйнөлүк рынокто алтын арзандады: Баасы 4 миң 63 долларга чейин түштү

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, баасы 4 миң 63 долларга чейин түштү. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорктогу COMEX товардык биржасында алтындын бир трой унциясынын баасы 50,7 долларга арзандап, 4063 долларды түздү.

Ошондой эле күмүштүн да баасы төмөндөп, бир трой унциясы 1,75 долларга арзандап, 58,42 доллар болду.