Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто эталондук мунай сортторунун баасы төмөндөдү.
6-июлдагы таңкы көрсөткүчтөргө ылайык, Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 0,60 пайызга арзандап, бир баррели 71,69 долларды түздү.
Ал эми америкалык жеңил WTI мунайынын фьючерстик баасы 0,39 пайызга төмөндөп, бир баррели 68,42 долларга жетти.
Ошондой эле Россиянын Urals үлгүсүндөгү мунайынын баасы дээрлик 8 пайызга төмөндөп, бир баррели 51,25 долларды түздү.