Дүйнөлүк океандын температурасы июлда рекордду жаңыртты

Дүйнө 22 11 Август 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-08-11 at 08.48.39.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.08.28. /Кабар/. 2026-жылдын июль айында океандын орточо температурасы дээрлик 21 градус Цельсийди түзүп, рекорддук көрсөткүчтү жаңыртты. Бул тууралуу Казинформ Copernicus европалык климаттык кызматтын маалыматына таянып жазды.

Ага ылайык, өткөн айда уюлдук аймактардан тышкары океандын орточо температурасы 20,96 градуска жетти. Бул 2023-жылдын июль айында катталган рекорддук 20,89 градус Цельсийден ашты.

Дүйнө жүзү боюнча океандын орточо температурасынын жогорулашына Эль-Ниньо кубулушу таасир эткен. Бул кубулуш Түштүк Американын түштүгүндө, АКШнын түштүгүндө, Сомали жарым аралында жана Борбордук Азияда жаан-чачынга алып келет, ал эми кургакчылык Түштүк Американын түндүгүндө, Кариб деңизинде, Австралияда, Индонезияда жана Түштүк Азияда болот.

Copernicus бул жайда абанын жогорку температурасы да катталганын кабарлады. 2026-жылдын июль айы 2024-жылдын июль айына барабар болуп, тарыхтагы экинчи эң жылуу июль айы болду. 2026-жылы абанын орточо температурасы 16,9 градус Цельсийди түздү. Байкоочулар эң ысык июль айын 2023-жылы катташкан.