Дүйнөдөгү эң чоң айсберг майда бөлүктөргө ажырап кетти

Дүйнө Загрузка... 22 Апрель 2026 10:20
WhatsApp Image 2026-04-22 at 08.54.56.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. 2025-жылы дүйнөдөгү эң чоң деп эсептелген A23a айсберги Түштүк океанда сүзүп бара жатып майда бөлүктөргө ажырап кетти. Бул тууралуу ТАССка шилтеме берип, Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Арктика жана Антарктика изилдөө институтунун окумуштуулары акыркы 40 жылдан бери айсбергди көзөмөлдөп келишкен. Муз майда бөлүктөргө бөлүнүп, жалпы аянтынын 99%ын жоготкон.

Айсберг 1986-жылы Фильхнер мөңгүсүнүн четинен бөлүнүп чыккан. Ошол учурда анын аянты 4170 чарчы чакырымды түзгөн, бул Санкт-Петербургдун аянтынан дээрлик эки эсе чоң дегенди билдирет. Айсберг борбордук Уэдделл деңизинде 30 жылдан ашык убакыт бою туруп, андан кийин Антарктиканын жээги менен сүзө баштаган.

2025-жылдын башында ал 80 км алыстыктагы Түштүк Георгия аралына жакындаган. Ал жерде 2025-жылдын январынан майына чейин калган. Андан кийин айсберг жылып, аралдын чыгыш тарабын айланып өткөн. 2025-жылдын август айынын аягында 60тан 300 чарчы чакырымга чейинки үч чоң бөлүккө бөлүнүп кеткен. Ал аянтынын болжол менен 70% жоготкондон кийин дүйнөдөгү эң чоң айсберг статусун жоготкон.

Азыр аянты 50 чарчы чакырымдан аз.