Дүйнөдөгү бай адамдардын байлыгы тарыхый чекке жетти

Дүйнө Загрузка... 20 Январь 2026 09:05
4a1f961c-5216-4d39-a3cf-ec55bd2edc05.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. 2025-жылы дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын жалпы байлыгы акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу үч эсе ылдам көбөйдү. Ошол эле учурда планетанын калкынын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашоодо. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Известия кабарлады.

Укук коргоочу Oxfam уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2025-жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы 18,3 трлн долларга жеткен (2,5 трлн долларга же 16%га өскөн). Ал эми 2020-жылдан берки инфляцияны эске алганда 8,2 трлн долларга (81%) көбөйгөн. Ал эми 2,5 трлн доллар сумма дүйнөдөгү эң жакыр 4,1 млрд адамдын жалпы байлыгына барабар.

Oxfam уюму байлыктын жаңы өсүү толкуну, анын ичинде АКШнын президенти Дональд Трамптын трансулуттук корпорацияларды колдогон саясаты жана жасалма интеллект менен алектенген компаниялардын баасынын кымбатташы, экономикалык жана саясий ажырымды тереңдетип, демократиянын туруктуулугуна коркунуч туудуруп жатканын эскертти.

Байлар менен калктын калган бөлүгүнүн ортосундагы айырманын өсүшү саясий таасирдин бир колго топтолушуна алып келүүдө. Отчетто айтылгандай, бүгүнкү күндө миллиардерлер кадимки жарандарга салыштырмалуу 4 миң эсе көп саясий кызматтарды ээлешет. Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң ири медиа компаниялардын жарымынан көбү дал ушул миллиардерлерге таандык.