Дүйнөдө мунай өндүрүү пандемия деңгээлинен төмөндөдү – Rystad Energy

Дүйнө Загрузка... 27 Март 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-03-27 at 09.15.14.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26 /Кабар/. Дүйнөдө мунай өндүрүүнүн көлөмү Ирандагы жаңжал жана Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын бузулушунан улам COVID-19 пандемиясы убагындагы эң төмөнкү деңгээлден да ылдый түшүп кетти. Бул тууралуу Rystad Energy аналитикалык компаниясынын баяндамасына таянып, ТАСС билдирет.

Маалыматка ылайык, мунай өндүрүүнүн көлөмү суткасына 10 миллион баррелге чейин кыскарып, бул көрсөткүч рыноктогу олуттуу тартыштыкты жаратты. Эксперттердин баамында, Эл аралык энергетика агенттиги (IEA) мындай көлөмдөгү жетишсиздиктин ордун толтура албайт.

Компаниянын башкы мунай аналитиги Паола Родригес-Масиу белгилегендей, буга чейин рынок белгилүү деңгээлде туруктуулукту сактап келген. Ал эми буга ашыкча өндүрүлгөн мунай жана жаңжалга чейин Перс булуңу аркылуу ташылган танкерлердеги мунай көмөкчү болуп жаткан.

Бирок азыр мунайдын запасы улам азайып бара жаткандыктан, дүйнөлүк мунай системасы мурдагыдай кыйынчылыктарга туруштук бере албай калды.