Дүйнөдө логистика маселеси курч бойдон калууда – эксперт

Экономика 27 10 Август 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-08-10 at 09.52.38.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.08.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү эң актуалдуу маселелердин бири логистика болуп жатканын экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө күйүүчү майды жеткирүү логистикасы учурда татаал абалда калууда.

“Кыргызстан үчүн гана эмес, ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер үчүн логистика маселеси курч бойдон калууда. Бул багытта стратегиялык чечимдерди кабыл алуу зарыл. Жакынкы мезгилде көтөрүлгөн маселелерди өкмөттөр деңгээлинде чечүү керек деп эсептейм. ЕАЭБ алкагында күйүүчү май жана инвестициялар боюнча негизги соода алакабыз Россия жана Казакстан менен жүрүп жатат”, — деди ал.

Эксперт белгилегендей, ЕАЭБ алкагында тоскоолдуктарды азайтуу максатында биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө. Бул маселелерди шарттуу түрдө үч багытка бөлүүгө болот: геосаясий, аймактык атаандаштык жана экономикалык.

“Биринчи багыт — геосаясий фактор. Азыркы учурда Россия жана Кытай бир тарапта, батыш өлкөлөрү экинчи тарапта болуп, белгилүү бир тиреш байкалууда. Мунун фонунда күйүүчү май рыногундагы абал да курчуп жатат. Ошондуктан ар бир мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да өзүнүн позициясын тең салмактуу карманышы керек”, — деп кошумчалады Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү пункттарында мурдагыдай узак тыгындар байкалбай калганын белгиледи.

Эске салсак, 7-августта Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өткөн. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышкан.