Мындан 80 жыл мурун советтер союзу фашисттик Германияны жеңген. Бирок бул жеңиш оңой келген эмес. 4 жылга созулган бул апаатта СССРдин курамындагы өлкөлөр өтө чоң жоготууларга учураган. Арасында өз жанын садага чаап, эрдиги менен тарых барактарына жазылып калган инсандар миңдеп саналат. Алардын катарында атагы алыска кеткен жыйырма сегиз панфиловчу бар. Улуу жеңиштин 80 жылдыгын утурлай, бул дивизия жөнүндө бизге тарых илимдеринин кандидаты, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучусу Саламат Малабаев айтып берет.

- “Панфиловчулар” дегендер кимдер болгон? Алардын эрдиги кандай болгон?
- Улуу Ата Мекендик согуш дүйнө тарыхындагы эң оор согуштардын бири болуп саналат. Бул апаат 1418 күнгө созулган. Анын максаты жер талаш же бийлик талаш эмес, адамдарды жок кылуу болуп, башка элдерди кыруу деген фашисттик идеологиянын негизинде ишке ашырылган. Ал эми бул саясатка Советтер Союзу (СССР) каршы чыгып, акыр-аягы жеңишке жеткен. Бирок ошол жеңишке жетүүнүн өзү оор болуп, миллиондогон аскерлерибиз курман болгон. Фронтто болобу же тылда болобу эл жапа тырмак “Баары жеңиш үчүн!” деген лозунг менен тикесинен тик турган. Алардын арасында 316чы аткычтар дивизиясынын да салымы чоң. Бул дивизия “жыйырма сегиз панфиловчу” деген ат менен белгилүү. Анын 28 жоокери Орто Азия элдери сыймыктана тургандай эрдик жасашкан. Негизи панфиловчулар жөнүндө көп-көп айтылышы керек эле. Бул дивизия болбосо Москваны коргой алат белек деген суроо жаралып, азыркы учурга чейин ал кимге таандык болгон деген дискуссия жүрүп келет. Легендарлуу панфиловчу, аскер башчылардын бири – офицер Бауржан Момышулы бул отрядды 14 улуттан турган интернационал, бүткүл СССРдин дивизиясы деп атаган. Себеби, анын курамында Кыргыз жана Казак ССРнен сырткары дагы бир нече өлкөнүн эли болгон.

Дивизиянын башында Кыргыз ССРнин ошол кездеги аскер комиссары, кийин генерал Иван Васильевич Панфилов турган. Ал мыкты даярдагыч жана мыкты башчы болгон. Дивизия эки айдын ичинде, мурун согушка катышпаган аскерлер менен даярдалып чыккан. Панфиловчулар алгач Ленинградды коргогонго аттанышып, андан соң Москвага келип Маршалл Константин Рокоссовскийдин 16- армиясына киргизилип Москваны коргошот. 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково разъездинде катуу салгылаш болуп, 28 баатыр фашисттердин жыйырмадай таңкасына туруштук берип, алардын бир нечесин жок кылат.

Дивизиянын башчысы И.Панфилов жардыруудан улам ошол жерде курман болгондугу үчүн анын аты командага ыйгарылып, “панфиловчулар” деп аталып калышкан.