Чүй облусунун Токмок шаарында ачылган Ислам академиясында жогорку кесиптик, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча диний багытта адистер даярдалат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алисултан Ташиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, негизги максаты диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаштардын терең билим алуусун жана дүйнө жүзүндөгү диний жана академиялык тенденцияларга жооп берүүчү билим берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

"Ислам академиясына Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия берилген. Быйылкы жылга жогорку кесиптик билим берүүгө 70 гранттык орун берилсе, анын 60 бакалавр, 10ну магистратура быгытында. Белгилүү болгондой, академияда светтик билим берилип, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдында иш жүргүзөт. Окуу жайды бүткөндө берилүүчү диплом мамлекет тарабынан таанылат. Окуу башка окуу жайлар сыяктуу мамлекеттин эсебинен бюджеттик жана келишимдик негизде болот. Андан тышкары, диний жаатта муфтият өкүлдөрүнүн, башка дин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча курстарды да өткөрүшөт”, - деди Алисултан Ташиев.

Жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча:
- Теология (бакалавр) адистигинде 17 студент билим алууда;
- Филология (бакалавр, араб тили) адистигинде 11 студент билим алууда;
- Диндерди таануу (бакалавр);
Орто кесиптик билим берүү программалары боюнча:
- Теология адистигинде 19 студент билим алууда;
- Чет тили (араб тили) адистигинде 18 студент билим алууда;
Жогорку кесиптик билим берүүдөн кийинки билим берүү программасы:
- Теология (магистратура);
Орто кесиптик билим берүү программалары боюнча колледжде окутуу келишимдик негизде жүргүзүлүп, теология багытынын келишим баасы 36 миң, ал эми чет тилиники 38 миң сомду түзөт. Окутуу 1 жыл 10 айга созулуп, орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик үлгүдөгү диплому берилет. Мындай маалыматты “Кабар” маалымат агенттигине теология боюнча Ph.D доктор, Ислам академиясынын ректору Эрмарат Эргешов билдирди.
Маалымдалгандай, бакалавр деңгээлиндеги үч багыттын ар бирине министрлик тарабынан 20дан гранттык орундар каралган. Учурда теология жана филология адистигинде 28 студент бюджеттик негизде окуп жатышат.

"Колледжге аттестат менен жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтпөгөн жарандар же бүтүрүүчүлөр, ал эми жогорку кесиптик билим берүүгө ЖРТдан өткөн мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырышты. Бакалавр даражасына окуу мөөнөтү 4 жыл. Жогорку кесиптик билим берүүдөн кийинки магистратура программасында 10 бюджеттик, 95 келишимдик орун бар. Магистратуранын окуу мөөнөтү 2 жыл, баасы жылына 58 миң сом. Академиядагы жалпы 170 студентке 27 окутуучу кыргыз тилинде сабак берүүдө. Негизи академия 400 студентке ылайыкталган. Мында 11 мугалим сырттан башка окуу жайдан келсе, 16сы штаттагы мугалимдер. Штаттагы мугалимдердин жетөө Ph.D докторант, калган тогуздун үчөө магистрант, 6 мугалим жогорку билимдүү”,- деп билдирди Эргешов.
Белгилей кетсек, академияда өлкөнүн бардык облустарынан келген студенттер окугандыктан, учурда 41 студент окуу жайдын жатаканасында жатып билим алууда. Кампустун аянты 2 гектарды түзүп, анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатаканасы бар экени айтылган. Ал эми магистранттар дистанттык формада окушкандыктан, аларга аралыктан онлайн сабактар берилет.

Ошондой эле дин таануу багытында жогорку деңгээлдеги билим берүүнү өнүктүрүүгө, адистерди даярдоого жана диний багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайында имамдардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстары уюштурулаарын президент өз сөзүндө белгилеген.
“Академияда имамдардын квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулуп, заманбап талаптарга жооп берген чоң илимий китепкана түзүлмөкчү. Буюрса, мындай аракеттер менен Академия улуттук эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда сыймыктуу илим жана билим берүү борборуна айланат”, - деди Жапаров.

Кыргызстан боюнча 2500 мечиттин баш имамдарынын квалификациясын жогорулатуу боюнча 72 сааттык курстар уюштурулганын академиянын ректору өз сөзүндө белгиледи.
“Ушул жылдын октябрь айынын аягы, ноябрдын башында Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жана Муфтият менен биргеликте курсттар уюштурулуп, бир айдын ичинде 40 имамды окутуу пландалган. Бир жылдын 2 айы эс алуу болсо, 10 айга имамдарды окутуу боюнча план бергенбиз”,- деди окуу жай жетекчиси.
Ал эми Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын “Кабар” агенттигине берген маалыматына ылайык, Ислам академиясын түзүү зарылдыгы бир нече негизги факторлордон улам келип чыккан:
- глобалдашуу шартында ислам илимдерин туура, терең жана ырааттуу үйрөнүүгө болгон коомдук муктаждык күчөдү;
- динди үстүрт түшүнүүдөн келип чыккан радикалдык жана терс диний агымдардын алдын алуу үчүн илимий негизде даярдалган, жогорку квалификациялуу адистерге муктаждык артты;
- дин кызматкерлеринин, муфтият өкүлдөрүнүн кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатып мүмкүнчүлүгү пайда болду.

“Ислам академиясы дал ушул муктаждыктарга жооп берүү менен диний билим берүүнүн сапатын көтөрүүчү борбордук илимий институт катары иш алып барат деп ишенебиз. Бул жерде диний багыттагы жогорку билим берүү гана эмес, практикалык багыттагы атайын курстар, квалификацияны жогорулатуу программалары да жүргүзүлөт. Натыйжада, диний билимдин илимий-теориялык деңгээли менен практикалык ишмердикти айкалыштырган адистер даярдалат. Академиянын дагы бир маанилүү миссиясы - дин менен улуттук салт-санааны өз ара шайкештикке келтирип, кыргыз элинин руханий мурасын исламдын асыл баалуулуктары менен айкалыштырган формада коомго жеткирүү. Бул багыт элдин руханий биримдигин бекемдөөгө, улуттук иденттүүлүктү сактоого жана коомдук стабилдүүлүктү чыңдоого чоң салым кошот”,- деп айтылат маалыматта.
Муфтият белгилегендей, Ислам академиясы - өлкөбүздө диний билим берүүнүн сапатын арттыруучу, теологиялык илимди өнүктүрүүчү, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоочу, ошондой эле терс диний агымдардын алдын алууда жана элибизге туура диний баалуулуктарды жеткирүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон илимий-билим берүү мекемеси болмокчу.