Дарыгерлер үчүн 5 миң ипотекалык батир курулат - саламаттык сактоо министри

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 18:15
d34e8513-5dd2-44d0-aa9b-9fffbce15d7d.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Бишкекте курулушу пландалып жаткан медициналык шаарчанын жанына медицина кызматкерлери үчүн көп кабатуу ипотекалык турак жайлар курулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мында 5 миң дарыгерге кезексиз ипотекалык батир берүү боюнча долбоор каралган. Бирок, ал үйлөр азырынча курула элек.

“Аталган медициналык шаарчанын аймагынан 5 миң дарыгер турак жай менен камсыз болот. Бирок, жакын арада 2 миңдин тегерегинде дарыгерге үй берүү пландаштырылып, алардын тизмеси даярдалды. Үй берген учурда албетте, Мамлекеттик ипотекалык компанияда турган кезегине көңүл бурулат. Себеби, кезектеги адамды артка алып коюу деген болбойт. Кезектегилерден биринчилери ким болсо, ошолор катары менен ала берет”,- деди министр.

Белгилей кетсек, борбордун түштүгүндө өлкөнүн негизги медициналык мекемелерин бириктирген жаңы медициналык шаарча куруу пландалып жатканы маалым. Ал жакка Улуттук госпиталь, Кардиология жана трансплантология улуттук борбору, Фтизиатрия борбору жана башка бир катар медициналык мекемелер көчүрүлөт.