№8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатр дарыгери Зарина Дамирова "Кабар" агенттигинин журналисти менен маектешүүдө Кыргызстанда жайылып жаткан вирустар, дарыгерге качан баруу керектигин, балдарга вируска каршы дары-дармектер жана витаминдерди качан берүү керектигин айтып берди.

– Зарина Дамировна, азыр балдар арасында кандай инфекция көбүрөөк жайылууда?
– Азыр кадимки курч респиратордук вирустук инфекциялар, парагрипп вирустары, аденовирустар жана сезондук сасык тумоо көп кездешүүдө. Октябрдын аягы жана ноябрдын башында шаарда сасык тумоо менен ооругандар көп болду. Ооруканалар толуп, күнүнө 15тен 35ке чейин бейтапты кабыл алып жаттык. Оорунун белгилери окшош: 39-40 градуска чейинки дене табы, аны түшүрүү кыйын болуп, парацетомол жакшы жардам бере алган жок. Ата-энелер дүрбөлөңгө түшүп, стресс болуп атышты. Жаш балдардан көбүнчө риновирус аныкталып атты.
– Баланы кайсы убакта үйдө көзөмөлдөп, качан дарыгерге алып баруу керек?
– Баланын дене табы орточо болсо, суусундукту жакшы ичип, активдүү болсо жана дем алуусу кыйындасаба үйдөн карай берсе болот. Эгерде 3 күн катары менен ысытмасы түшпөй, бала алсызданып, суу ичүүдөн баш тартса, дем алуусу оорлошуп, дене табын түшүрүү мүмкүн болбосо дарыгерге кайрылуу керек.
– Баштапкы этапта КРВИни сасык тумоодон кантип айырмаласа болот?
– Сасык тумоо капыстан башталат: дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлүп, катуу чыйрыгат, денеси ооруп, алсызданат. Ал эми КРВИ акырындык менен башталат: мурундун агышы, тамактын оорусу жана орточо температура. Бирок так диагноз текшерүүдөн өткөндөн кийин, керек болсо тестирлөөдөн кийин гана коюлат.
– Ата-энелердин көпчүлүк катасы - өз алдынча дарылоо. КРВИде эмне кылууга таптакыр болбойт?
– Ата-энелер 39 градус дене табын көргөндө эле дүрбөлөңгө түшүп, парацетамолдун көп өлчөмүн берип, бул көпчүлүк учурда температуранын 34-35 градуска төмөндөшүнө алып келет. Алар көбүнчө өз алдынча булчуңга антибиотик сайып башташат, ага катуу тыюу салынат. Биз суунун балансын сактоо, бөлмөнү желдетүү, салкын жана нымдуу абаны кармоо маанилүү экенин түшүндүрөбүз. Температураны баланын абалына карап баалоо керек: кээ бир балдар 39 градус температурада активдүү болушат, ал эми башкалары 38де жатып калышат. Дене табын түшүрүүчү дарыларды туура көлөмдө жана аралыктар менен берүү зарыл.

Ар кандай учурларда эле антибиотиктерди берүүгө, спирт жана уксус менен сүртүүгө, температура жогору болгондо ысык буу ингаляцияларын жасоого, дарыгердин көрсөтмөсү жок күчтүү дарыларды колдонууга катуу тыюу салынат. Мунун баары абалдын оорлошуна жана талма (судороги) болушуна алып келиши мүмкүн.
– Вируска каршы дарылар керекпи?
– Көпчүлүк учурларда алардын кереги жок, андай дарылардын көбү пайдасыз. Мен ата-энелерге көбүнчө бир килограмм эт же мөмө-жемиш сатып алган жакшы деп айтам, анткени андан алда канча пайдалуу. Негизги дарылоо – тынч жатуу, суюктукту көп ичүү, салкын жана нымдуу аба. Вируска каршы дарыларды биз көрсөтмөлөр боюнча жана сасык тумоо тастыкталган учурда гана дайындайбыз.
– Балага качан антибиотиктер керек болот?
– Курч респиратордук вирустук инфекцияга эмес, отит, пневмония, гайморит жана бактериялык тонзиллит сыяктуу ооруларда гана керек болот. Ал дагы текшерүүдөн өткөндөн кийин дайындалат.
– Балдарга витамин же иммуномодулятор берүү канчалык мааниси бар?
– Витаминдерди жетишсиздик болгондо же толук кандуу тамактанбаган учурда гана дайындайбыз. Алгач анализ тапшыруу керек, анан витамин жетишсиздиги болгондо гана керектүү витаминдерди алуу зарыл. Ата-энелер көбүнчө балдары эч качан оорубашы же жакшы тамактанышы үчүн "сыйкырдуу" витаминдерди каалашат. Бирок, андай каражаттар жок. Түрдүү тамактануу, күнүмдүк сейилдөө, үйдү желдетүү жана организмди чыңдоо гана жардам берет. Кээде балага балмуздак берсе да болот, бул да чыңдоонун бир элементи. Ал эми мультивитаминдерге келсек, мага жакпайт, анткени алардын курамындагы компоненттердин көптүгү бири-биринин сиңишине тоскоол болот. Атайын көрсөтмө болбосо иммуномодуляторлор сунушталбайт.
– D3, C витаминдери жана йод камтыган дарылар жөнүндө эмне айтууга болот?
– С жана D3 витаминдерин профилактикалык дозада жана анализсиз эле берсе болот. Калган витаминдерди жана курамында йод бар дарылар анализ тапшырып, анын жыйынтыгы менен жетишсиздик болгондо гана дайындалат. Тилекке каршы, көп ата-энелер балдарына мультивитаминдерди көзөмөлсүз беришет. Ашыкча витаминдер да зыяндуу жана уулуу болушу мүмкүн. Ал тургай D3 витаминин жашына карап эсептейбиз.

– Ал эми "чоң энелердин ыкмалары" жөнүндө эмне айтала аласыз? Эмнеси пайдалуу, эмнеси кооптуу?
– Жылуу суусундуктар, таза аба, нумдуу аба жана туздуу эритмелер менен мурунду чайкоо сыяктуу ыкмалар пайдалуу. Горчица, спирт менен сүртүүлөр, кайнак суу менен ингаляциял жасоо, түшүнүксүз аралашмалар, өзгөчө бир жашка чейинки балдар үчүн бал кошулган аралашмалар коркунучтуу.
– Акыркы суроо, жакында эле үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору иштөө убактысын узартты деген кабар келди. Чын эле дарыгерлер кечки саат 20:00гө чейин иштеп жатабы?
– Ооба, 18:00дөн 20:00гө чейин поликлиникаларда дарыгерлер нөөмөт менен иштеп жатышат. Ата-энелерге №3 балдар ооруканасына түз баруунун кереги жок экенин эскертебиз, алар кечки саат 20:00гө чейин өздөрүнүн поликлиникаларына кайрыла алышат.