Данияда жалпы элдик парламенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө Загрузка... 24 Март 2026 11:40
WhatsApp Image 2026-03-24 at 11.18.10.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.03.26 /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта Данияда жалпы элдик парламенттик шайлоо өтүүдө. Анда өлкө жарандары 179 орундан турган парламенттин — Фолькетингдин депутаттарын шайлашат. Бул тууралуу Anadolu билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, дээрлик 6 миллион калкы бар Данияда жалпысынан шайлоого 12 партия катышууда. Өкмөттү өз алдынча түзүү үчүн партия кеминде 90 мандатка ээ болушу керек. Бирок саясат таануучулар бул жолку шайлоодо бир дагы партия жалгыз көпчүлүккө жетпейт деп болжолдошууда. Мындан улам тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен жетектеген Moderaterne партиясы “баланс кармоочу” күч катары чечүүчү ролду ойношу мүмкүн.

Ошондой эле Гренландия жана Фарер аралдарынан экиден өкүл парламентке шайланат.

Учурда шайлоонун негизги фавориттеринин бири Социал-демократиялык партиянын лидери, учурдагы премьер-министр Метте Фредериксен аталууда. Ал үчүнчү ирет бийликке келүүгө үмүт артууда. Ал эми анын негизги атаандашы оңчул борборчул Venstre партиясынын лидери, коргоо министри Троэлс Лунд Поулсен.

Эки талапкердин ортосундагы айырмачылык, Фредериксен пенсия системасын жакшыртуу жана байларга салыкты көбөйтүү демилгесин көтөрсө, Поулсен мындай саясат өлкө экономикасын алсыратарын белгилейт.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, Фредериксендин партиясы алдыда бара жатат, ал эми Поулсендин партиясы экинчи орунда турат.

Мындан тышкары, шайлоонун күн тартибинде айыл чарба маселеси да маанилүү орунду ээлейт. Солчул партиялар экологиялык көйгөйлөрдү жүйө келтирип, көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштаса, оңчул күчтөр өндүрүштү кеңейтүүнү жактайт. Адистердин айтымында, фермерлердин добушу жыйынтыкка олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Алгачкы жыйынтыктар кечке маал жарыяланары күтүлүүдө.