Дания балдардын соцтармактарга кирүүсүнө тыюу салууну пландап жатат

Дүйнө Загрузка... 12 Декабрь 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-12-12 at 09.06.01.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Даниянын өкмөтү 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салууну пландап жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс билдирет.

Маалыматка ылайык, жаш курак боюнча мындай чектөөлөрдү киргизген мыйзам 2026-жылдын ортосуна чейин кабыл алынышы мүмкүн. Айрым өзгөчө учурларда ата-энелер балдарына 13 жаштан тартып социалдык тармактарды колдонууга уруксат ала алышы мүмкүн, бирок мындай өзгөчөлүктөрдүн шарттары азырынча так айтылган эмес.

Көптөгөн платформалар 13 жашка чейинки колдонуучуларга аккаунт түзүүгө тыюу салып келет. Ошондой эле Евробиримдик Microsoft, Apple, Google, Amazon жана Meta сыяктуу ири компанияларды балдарды интернет-коопсуздуктан коргоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө милдеттендирди.

Социалдык тармактарды 16 жашка чейинкилерге колдонууга тыюу салган алгачкы өлкө Австралия болду. Мыйзам 10-декабрдан тартып күчүнө кирип, TikTok, YouTube, Metaнын социалдык тармактары жана X (мурунку Twitter) сыяктуу ири платформаларды камтыйт.

Платформалар Австралиядагы балдарга тиешелүү бардык аккаунттарды өчүрүүгө жана жаңы аккаунттардын түзүлүшүн бөгөттөөгө милдеттүү. Бул талаптарды X социалдык тармагынан башкасынын баары аткарууга даярдыгын билдирген. Мыйзамды аткаруудан баш тарткан компанияларга 49,5 миллион долларга чейин айып салынат.

Ушундай эле чектөөлөрдү киргизүү ниетин Малайзия, Норвегия жана ЕБ да билдирген. Британия өкмөтү болсо Австралиянын тажрыйбасын “көзөмөлгө алып, кылдат изилдеп жатканын” айткан.