Дамир Осмонов министр кесиптешинин жүрөгүнө операция жасады

Ден соолук
Дамир Осмонов министр кесиптешинин жүрөгүнө операция жасады

Бишкек, 21.11.26 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов кызматтык милдетин аткаруу менен бирге, дарыгер катары өз кесиптешине жүрөгүнө стент коюу операциясын жасады. Бул тууралуу министр социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында инфаркттын алдын алууга мүмкүн болгон. Министр мамлекеттик кызмат чоң жоопкерчилик экенин белгилеп, кайсы кызматта болбосун адамдык фактор жана ден соолук биринчи орунда турарын баса белгиледи. Ошондой эле ал кесиптешине тез сакайып кетүүнү каалап, биримдикте жана бири-бирине жөлөк болуп иштөө зарылдыгын кошумчалады.

Медициналык сырды сактоо максатында бейтап-кесиптешинин аты-жөнү ачыкталган жок.

Белгилей кетсек, Дамирбек Осмонов кесиби боюнча кардиолог. Министрлик кызматка дайындалганга чейин ал бир нече жыл бою Кыргызстанда, Казакстанда жана Түркияда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо жаатында эмгектенген.