Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Дагестанда 14 миңден ашык адам А гепатитине каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Дагестандын суу ташкынынан жабыркаган аймактарында комплекстүү санитардык жана эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда. А гепатитине каршы эмдөөдөн тышкары, ичеги-карын инфекцияларынын алдын алуу үчүн 4500дөн ашык адамга бактериофаг каражаттары берилди.
Мындан тышкары, адистер суу каптаган аймактардагы объектилерди дезинфекциялоону уюштуруп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата 569 турак үй, 11 социалдык мекеме жана суу курулмалары дезинфекцияланды.
Зарыл болгон учурда кайталап дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөрү кошумчаланды.