Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Жасалма интеллект (ЖИ) агенти колдонуучунун атынан адамдын минималдуу катышуусу менен өз алдынча пландаштырып, маалымат издөөдөн тартып, эс алууну уюштурууга жардам берүүгө чейин тапшырмаларды аткара алат. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, Цукерберг мындай агентти күнүмдүк иштерди ылдамдатуу үчүн иштеп чыгууда.
The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы маалымдагандай, бул бот техномиллиардерге отчетторду карап чыкпай же компаниянын башкаруу түзүмүн колдонбой эле керектүү маалыматтарды тезирээк алууга мүмкүнчүлүк берет.
Meta кызматкерлеринин бардык иш процесстерине ЖИни киргизүү компаниянын уюштуруу түзүмүндөгү баскычтарды кыскартат.