Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. 26–27-март күндөрү Казакстандын Шымкент шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын деңгээлинде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Анын алкагында 15ке жакын маселени кароо пландаштырылууда. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди.
Анын айтымында, күн тартибиндеги негизги пункттардын бири өнөр жай кооперациясы жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү болмокчу.
“Кооперация жөнүндөгү жаңыланган жобонун алкагында долбоорлорду тандоонун атайын ченемдери жана жөнөкөйлөтүлгөн механизмдери киргизилет деген тапшырма кабыл алынды”, — деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, жыйында жүргүзүлүп жаткан макроэкономикалык саясаттын алкагында комиссиялар тарабынан киргизилүүчү кошумча төлөмдөргө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.
ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы белгилегендей, колдонуудагы ченемдерге ылайык, катышуучу өлкөлөр жыл сайын ЕАЭБдин алкагындагы учурдагы кырдаал боюнча аналитикалык отчетторду берип турушу керек. Ошондой эле ар бир мамлекет өзүнүн өнүгүү прогноздорун түзүүгө тийиш.
Эскерте кетсек, 2015-жылы түзүлгөн ЕАЭБдин курамына беш мамлекет кирет. Алар: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия.