Чукул билдирүү! Өлкө аймагында жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 04 Апрель 2025 11:24
352062517.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 5-7-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.