Чолпон-Атада “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-ыр фестивалы ачылды

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 20:20
3585579c-6a5a-49e9-8f7f-9018414e3eae.jpeg
55198cce-ca4e-4b21-9f01-e41f33384f2e.jpeg
8edd7a77-2a80-42b9-a063-8d836e38e628.jpeg
a81619b3-352b-48ff-938e-abc029434d57.jpeg
c634766d-5d98-4076-a308-0589799e5b7a.jpeg
d1d7f6a4-7408-4937-9d0f-224401983008.jpeg
5839e18e-59d3-47fb-ab61-76ecd9a60618.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. Чолпон-Атада “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-ыр фестивалы ачылды.

Иш-чарага миңдеген шаар тургундары, Көчмөндөр оюндарынын коноктору жана чет элдик туристтер катышууда.

Фестиваль бир катар телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Учурда иш-чара театралдаштырылган программа менен коштолууда.

Иш-чара 4-сентябрга чейин уланат. Анда дүйнөнүн төрт континентинен — Европа, Азия, Америка жана Африкадан келген өнөрпоздор катышат. Жалпысынан 20 өлкөдөн 21 конкурсант 42 чыгармачылык номер тартуулайт.

Анын алкагында дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан көчмөндөрдүн маданиятын жана рухун алып келген “Биримдик кербени” уюштурулат.

* 2-сентябрь — “Этно-хит” күнү. Анда катышуучулар улуттук музыкалык мурастарын тартуулашат.

* 3-сентябрь — “Дүйнөлүк хит” күнү. Бул күнү дүйнөгө белгилүү чыгармалар улуттук музыкалык өзгөчөлүктөр менен аткарылат.

* 4-сентябрда фестивалдын чоң финалы өтөт.