Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Эл аралык кинофестивалы уланууда.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, күн мурун фестивалдын катышуучулары Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборуна барышып, кечинде “Рух-Ордо” маданий борборунда фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи, кызыл килемден өтүү жана концерттик программа өткөрүлдү.
Ал эми бүгүн “Рух-Ордо” маданий борборунда “ШКУ өлкөлөрүнүн киноиндустриясы: интеграция, биргелешкен өндүрүш жана өнүгүү келечеги” аттуу эл аралык тегерек стол уюштурулуп, ага чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана кыргыз кинематографисттери катышууда.
Ошондой эле Чолпон-Ата кинотеатрында эл аралык сынакка катышкан мамлекеттердин тасмалары көрсөтүлүп, эл артисти Кыдыралы Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр жана Кыргыз киносунун панорамасы сунушталууда.
18-июлда фестивалдын программасынын алкагында Казакстандын, Өзбекстандын, Кытайдын жана Кыргызстандын эл аралык сынактагы тасмалары көрсөтүлөт. Мындан тышкары, Кыдыралы Кыдыралиевдин тасмаларынын ретроспективасы жана кыргыз кинематографиясынын мыкты чыгармаларынан түзүлгөн панорамалык көрсөтүүлөр уланат.
Иш-чара 19-июлга чейин уланат.