Чүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк жасап саткан топ кармалды

Укук тартиби Загрузка... 06 Февраль 2026 16:53
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Чүй облусунда унаа мектептеринин директорлорунан турган уюшкан кылмыштуу топ аныкталып, үч уюштуруучу кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, алар айдоочуларды окутпай туруп, унаа мектебин бүтүргөнү тууралуу жасалма күбөлүктөрдү берип келишкен. Бул үчүн чет өлкөдө жүргөн жарандардан ортомчулар аркылуу акча алышкан. Акча «МБанк» аркылуу 40 миң сомдон 120 миң сомго чейин которулган.

Акча төлөгөн адамдар сабакка катышпастан эле унаа мектебин бүтүргөн болуп катталып, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерге кире алышкан.

Бир ортомчу аркылуу эле 244 адам мыйзамсыз катталып, жалпы 2 миллион 760 миң сомдон ашык акча алынганы аныкталды.

Текшерүү маалында милиция көп сандаган жасалма документтерди, журналдарды, электрондук маалымат сактагычтарды жана ок-дарысы бар аңчылык мылтыкты тапкан.

Мындан тышкары, чет өлкөдөн келген унаалардын документтерин жана транзиттик номерлерин жасалмалоо иши да бар экени билинди.

Азыр бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.