Чүйдө жасалма күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби Загрузка... 11 Февраль 2026 10:28
628234953_944436071575959_3601843024690038051_n.jpg
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Чүй облусунда жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол инспекторлору KIA Optima унаасын токтотуп, айдоочунун документтерин текшеришкен. Текшерүү учурунда айдоочулук күбөлүк жасалма болушу мүмкүн деген шек жаралган.

Документ экспертизага жөнөтүлгөн. Адистер күбөлүк кадимки принтерден басылып чыгарылганын жана расмий бланкка окшобой турганын аныкташкан. Натыйжада ал жасалма деп табылган.

Бул факты боюнча "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен кылмыш иши козголду. 1995-жылы туулган Х.Ш. аттуу айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.