Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Чүй облусунда орто кылымдагы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасынын аймагында Кыргыз-япон археологиялык экспедициясы VII–VIII кылымдарга таандык, болжол менен будда динине тиешелүү храм комплексинин калдыктарын аныктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, археологиялык изилдөөлөр май айынын башынан тартып Шахристан-2 тилкесинде жүргүзүлүүдө. Казуу иштеринин жүрүшүндө окумуштуулар күйгөн кыштан тургузулган тепкич, пандустарды жана платформаны табышкан.
Бул архитектуралык элементтер Тан доорундагы храм курулуштарына мүнөздүү экендиги белгиленүүдө. Табылга белгилүү археолог Алексей Бернштамдын 1940-жылдардын аягында ушул аймакта будда храм комплекси болгон деген божомолун тастыктады. Суяб VI–XI кылымдарда Батыш Түрк каганатынын борбору болгон.
2025–2026-жылдардагы казуу иштери Улуу Жибек жолунун маанилүү борборлорунун бири болгон байыркы Суяб шаарындагы будда маданиятынын жайылышы тууралуу жаңы илимий маалыматтарды берди.
Экспедиция 2012-жылдан бери иш алып барып келет. Кыргыз тараптан Улуттук илимдер академиясынын профессору Бакыт Аманбаева, япон тараптан Тэйкё университетинин профессору Казуя Ямаучи жетекчилик кылууда.
Учурда жер тилкесин тарыхый-маданий багыттагы жер категориясына кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Маселе оң чечилсе, келечекте ачык асман алдындагы музей түзүү пландалууда.
Белгиленгендей, 2014-жылы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине "Жибек жолу: Чанъань – Теңир-Тоо коридорунун маршруттар тармагы" аттуу трансулуттук номинациянын алкагында киргизилген.