Чүйдө спорт аянтчасын курууга бөлүнгөн 5 млн сом мыйзамсыз сарпталган

Укук тартиби Загрузка... 18 Июль 2025 15:00
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан 5 млн сом өлчөмүндөгү мыйзам бузуу аныкталды.

Милициядан билдиришкендей, 2020-жылы Чүй облусунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жана башка адамдардын пайдасына 5 млн сом өлчөмүндөгү акчаны негизсиз түрдө "В" ЖЧКсынын эсебине которуу фактысы аныкталган.

Каражат келишимге ылайык айылдардын биринде спорт аянтчасын куруу үчүн бөлүнгөн.

Бирок, подрядчы катары көрсөтүлгөн "Б" ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери толук аткарылган эмес. Натыйжада, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат мыйзамсыз өздөштүрүлүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 млн сомду түзөрү аныкталды. Буга байланыштуу 1985-жылы туулган А.А. аттуу жаран (подрядчы) шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда. Жыйынтыгы менен кызмат мыйзамдарына ылайык юридикалык чечим кабыл алынат.