Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Чүй облусунда мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы октябрда Жайыл районунда өткөрүлгөн рейдде браконьерлик менен алектенген жана курал-жарактарына документи жок жарандар кармалган.
Бул факт мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн алкагында алынган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.
Эксперттин корутундусуна ылайык, сунушталган карабиндер "ТОЗ-16" жана "ТОЗ-8" үлгүсүндөгү бир ок атуучу мергенчиликке арналган сайлуу ок атуучу курал болуп саналат.
2026-жылы 2-февралда аталган факты боюнча "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр 1988-жылы туулган М.М. жана К.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери улантылууда.