Чүйдө дээрлик 1,4 млн сом алименттик карыз өндүрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 01 Апрель 2026 17:20
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Чүйдө дээрлик 1,4 млн сом алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан ири өлчөмдөгү алименттик карызды өндүрүү иши ийгиликтүү аяктады.

Н.Д.К. аттуу карызкор К.М.Тга 2014-жылдан 2026-жылга чейинки (12 жыл) мезгил үчүн алимент төлөгөн эмес.

Сот аткаруучулардын мажбурлоо чараларынын негизинде 1 млн 373 миң 946 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлдү.

Өндүрүлгөн каражат толугу менен алуучуга өткөрүп берилди.