Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Москва районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февралда саат 12:16 чамасында Москва райондук милициясына Беловодск айылынын Крупская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 1960-жылы туулган З.Л. аттуу жаран денесинен ар кыл жаракаттарды алганы боюнча билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, текшерүү учурунда маркумдун сөөгү үйгө жакын жердеги бастырманын астындагы дивандан табылган. Сырттан кароодо анын мойнунда, бетинде жана желкесинде жаракаттар бар экени аныкталган. Маркум ал үйдө 1982-жылы туулган М.Р. аттуу жаран жана анын эки баласы менен чогуу жашап келгени белгилүү болду.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя болгон күндүн алдында маркум М.Р. менен бирге спирт ичимдиктерин ичип, алардын ортосунда чыр чыккан. Натыйжада, З.Л. алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган М.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иш боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.