Чүйдө айылдаштарынын малын уурдап жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 9 сентябрь 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-09-09 at 13.50.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-09 at 13.49.52.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-09 at 13.50.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-09 at 13.49.52.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын 30-июлунда жана 14-августунда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка жана Полтавка айылынын тургундарынан короолорунан жана сарайларынан мал уурдалгандыгы тууралуу арыздар келип түшкөн.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул фактылар каттоого алынып, тиешелүү кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде шектүүлөр — 1990-жылы туулган У.А. жана 1999-жылы туулган А.Н. кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө маалында уурдалган мал табылып, мыйзамдуу ээлерине кайтарылып берилген. Мындан сырткары, милиция кызматкерлери ушул сыяктуу дагы үч мал уурулук фактысын аныкташкан.

Азыркы учурда кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда.