Чүйдө адам уурдоо фактысына шектелген 3 жаран кармалды

Укук тартиби 1051 16 Февраль 2026 12:15
632575825_948954151124151_5233418701217356162_n.jpg
634963822_948954147790818_3841680871697929405_n.jpg
636971484_948954154457484_6314000999159374122_n.jpg
Алдыга
Артка
632575825_948954151124151_5233418701217356162_n.jpg
634963822_948954147790818_3841680871697929405_n.jpg
636971484_948954154457484_6314000999159374122_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Чүй облусунда адам уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-февралда 2006-жылы туулган Н.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү Т.Д. аттуу жаран бир нече таанышы менен келип, күч колдонуу менен аны үйүнөн чыгарып, Ак-Бешим айылына алып барып, уур-токмокко алышканын жазган.

Бул факт боюнча "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныктап, кармашкан. Алар – 2007-жылы туулган М.Б., Т.Д. жана Ж.А. экени белгилүү болгон.

Мыйзамга ылайык, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын ортосунда карыз маселесинен улам келип чыккан келишпестиктер такталган.

Кылмыш иши боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө аракеттери уланууда.