Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Маркумдун сөөгү ажатканадан табылган

Укук тартиби Загрузка... 12 Сентябрь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-09-12 at 10.20.11.jpeg
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Чүй облусунун Лебединовка айылында орун алган адам өлтүрүү фактысы боюнча 2008-жылы туулган жаран шектүү катары кармалды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 2025-жылдын 11инен 12-июнга караган түнү болжол менен саат 05:30 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Т.Т. жана К.А. аттуу жаран үйдүн ичинде спирттик ичимдик ичип, мас абалда уруш чыгып кеткен. Натыйжада Т.Т. бычак менен К.А.нын моюнуна жана көкүрөгүнө бир нече жолу сайып, натыйжасында К.А ошол жерде каза болгон.

Кылмыштын изин жашыруу максатында, шектүү маркумдун сөөгүн үйдүн короосундагы ажатканага жашырып койгон. Кийинчерээк жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Т.Т. өз көрсөтмөсүндө кылмыш жасалган жерди көрсөткөн. Текшерүү маалында К.А.нын сөөгү ажаткананын ичинде чирип кеткен абалда жана зордук-зомбулуктун белгилери менен табылган.

Бул факт боюнча соттун чечими менен Т.Т.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Тергөө иштери аяктап, айыптоо корутундусу түзүлүп, кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна караш үчүн жөнөтүлдү.