Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Чүй облусунда 572 миң сом өлчөмүндөгү алимент өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, Чүй облусунун Сокулук райондук сот аткаруучулары Т.Н.Т. аттуу карызкордун 2020-жылдын 17-январынан 2026-жылдын 9-февралына чейин төлөөгө тийиш болгон алимент карызын өндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Көрүлгөн чараларынын натыйжасында 572 миң сом өлчөмүндөгү алимент толук өндүрүлүп, С.А.А. аттуу алуучуга өткөрүлүп берилген.