Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Чүй облусунун сот системасында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. эркинен ажыратууга байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң доллар алган.
Бирок кийинчерээк ал көрсөтүлгөн маселени Т.М.Т. аттуу жаран үчүн оң жагына чечип бере алган эмес. Буга байланыштуу мурда алынган акчанын 651 миң сомун жана 2 миң 800 долларын кайтарып берип жаткан учурда улук катчы А.Ж.Б. кылмыш үстүндө кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Тергелген кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз аракеттерге К.А.А. аттуу жарандын, ошондой эле Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.нын да тиешеси бар экендиги аныкталды. Судья 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда кылмыш үстүндө кармалган.
Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.