Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Чүй облусунда шаар куруу жана курулуш мыйзамдарынын сакталышы боюнча катуу текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, анда бетон чыгаруучу түйүндөр, асфальт-бетон заводдору жана майдалоо-сорттоо комплекстерин иштеткен 25 юридикалык жана жеке жак текшерилди.
"Анын максаты документтердин мыйзамдуулугун, курулуш материалдарынын жана иштеринин сапатын камсыз кылуу, ошондой эле бекитилген ченемдер менен эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө болду", - деп айтылат маалыматта.
Натыйжада мыйзам бузуулар аныкталган "Арал-Боом", "Мостострой отряд" мамлекеттик ишканаларына, ошондой эле "Авира Групп", "Бишкек Инвест" жана "Бишкек Дистрибьюшн" ЖЧКларына 1 млн сомдон ашык айып салынды.
Ошондой эле мыйзамсыз аракеттерди белгиленген мөөнөттө оңдоо боюнча ишканаларга милдеттүү жазуу түрүндөгү көрсөтмөлөр берилди.