Чүйдө 11 жыл мурун болгон киши өлтүрүү фактысы ачылып, шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 11 Сентябрь 2025 09:25
copyright icon www

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Чүй облусунда 11 жыл мурун болгон киши өлтүрүү фактысы аныкталып, шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 13-ноябрында Сокулук районунун Нижневосточная айылында А.Б. жана М.А. аттуу жарандар арасында капчык жоголгонуна байланыштуу чыр чыгып, анын жүрүшүндө А.Б. М.А.ны уурулукка айыптап, кыйноого алган. Натыйжада М.А. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Маркумдун туугандары анын зордук-зомбулук менен өлгөнүн билишкенине карабастан, бул тууралуу укук коргоо органдарына билдирбей, сөөгүн жашыруун жерге берип, өлүмдүн себебин “жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги” деп жасалма күбөлүк менен жаап коюшкан.

2025-жылдын 6-августунда М.А.нын сөөгүнө эксгумация жасалып, кайрадан дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын зордук-зомбулук жолу менен өлтүрүлгөнүн тастыктаган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, А.Б. кармалып, КЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери улантылып, бул кылмышка тиешеси бар башка жарандардын да аракеттерине укуктук баа берилмекчи.