Чүй, Ош жана Талас облустарында кызамыкка каршы эмдөө жогорку көрсөткүчтө

Ден соолук Загрузка... 06 Февраль 2025 14:57
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. 2023-2024-жылы өлкөдө кызамык оорусуна каршы 1-2-этаптагы эмдөө жүргүзүнүн көрсөткүчү боюнча Чүй, Ош жана Талас облустарында 92, 91 пайыз менен алдыңкы орундарда турат. Бул тууралуу маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу ооруларга карата эмдөө жүргүзүү зарылдыгы боюнча уюштурган иш-чарасында белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, башкы максат калкты эмдөөнүн көрсөткүчүн 98 пайызга жеткирүү болуп саналат.

Кийинки орундарда Жалал-Абад (85%), Ысык-Көл облустары (84%), Ош шаары (79%), Нарын (76%) жана Баткен (72%) облустары турат.

Ал эми Бишкек шаарынын кызамык оорусуна каршы эмдөөгө катышуусу 69 пайызды түзүп, эң төмөнкү көрсөткүчтө турат.

Белгилей кетсек, эмдөөгө карата чечкинсиздикти жана ишенбестикти жоюу кыргызстандыктардын ден соолугун коргоонун маанилүү чарасы болуп саналат.