Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 9-10-октябрда бир катар салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык программада улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер жана айтыш уюштурулат.
10-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында юбилейге арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Ошондой эле Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта майрамдык көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.