Чүй облусунда саат 16:00гө карата 23 пайыз шайлоочу добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 17:00
WhatsApp Image 2025-11-30 at 16.50.26.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында саат 16:00гө карата шайлоочулардын 23 пайызы же 144 миң 486 жаран Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерте кетсек, саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,2 пайызы же 101 миң 392 жаран добуш берген.

Чүй облусу боюнча 369 шайлоо тилкеси жана 6 округ иштеп жатат. Жалпы катталган шайлоочулардын саны 627 миң 533 адамды түзөт.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, облустун аймагындагы шайлоо тилкелеринде эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок.