Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,2 пайызы же 101 миң 392 жаран Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Эскерте кетсек, саат 12:00гө карата шайлоочулардын 10,3 пайызы же 64 миң 809 жаран добуш берген.
Облус боюнча 369 шайлоо тилкеси жана 6 округ иштеп жатат. Жалпы катталган шайлоочулардын саны 627 миң 533 адамды түзөт.
Шайлоо уюшкандык жана мыйзамдардын талаптарына ылайык тынч абалда өтүп, президенттин өкүлчүлүгү, байкоочулар жана комиссия мүчөлөрү шайлоо процессин көзөмөлдөөдө.
Белгилей кетсек, Чүй облусунун аймагында 49 айыл аймак, 3 облустук маанидеги шаар, 8 район, 4 райондук маанидеги шаар жана 310 айыл бар.