Европанын 29 өлкөсүндө чикунгунья вирусунун жайылуу коркунучу бар

Дүйнө Загрузка... 19 Февраль 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-02-19 at 14.54.43.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Улуу Британиянын окумуштуулары Европанын 29 өлкөсүндө чикунгунья вирусунун жайылышы ыктымал деген жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу Kazinform кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, изилдөөнү Улуу Британиянын Экология жана гидрология борборунун адистери жүргүзүшкөн. Алар глобалдык жылуулуктун жугуштуу оорулардын таралышына тийгизген таасирин иликтешкен.

Эксперттердин айтымында, буга чейин чикунгунья көбүнчө ысык климаттуу өлкөлөргө мүнөздүү болчу. Анткени, вирусту жогорку температураны жактырган Aedes тукумундагы чиркейлер таратат. Бирок акыркы жылдары бул чиркейлер Африка, Азия жана Американын тропикалык аймактарында гана эмес, Европада да көбүрөөк каттала баштады.

Чикунгунья жалпы алсыроо жана муундардын катуу, чыдаткыс оорушу менен коштолот. Бул оору балдардын жана улгайган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Мындан тышкары, ооруну жуктуруп айыккандардын болжол менен 40 пайызы беш жылдан кийин артриттен жабыркап келишет.

Акыркы жылдары Европанын 10 өлкөсүндө вирус жуккан учурлар катталган. 2025-жылы Франция менен Италияда жүздөгөн адамды камтыган чикунгуньянын жайылуу учурлары катталган. Ал эми Улуу Британия менен Германияда вирусту алып жүрүүчү чиркейлер табылганы менен, массалык ооругандар азырынча каттала элек.

Окумуштуулардын байкоосу боюнча, азыркы климаттык шартта вирустун чиркей аркылуу жугуу коркунучу кээ бир өлкөлөрдө жылына алты айдан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Атап айтканда, Испания, Португалия, Италия жана Греция сыяктуу түштүктөгү өлкөлөрдө кооптуу мезгил жарым жылдан көбүрөөк убакытты камтыйт.