Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

Саясат Загрузка... 23 Март 2026 11:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.03.26 /Кабар/. Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Учурда эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын кенен курамдагы жолугушуусу өтүүдө. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашууда.

Эрвин Ибрагимович баштаган делегацияны жылуу тосуп алган тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бул сапардын Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

"ТИМ башчысы катары Кыргызстанга алгач ирет келип, кыргыз-черногория кызматташтыгын жаңы барактан ачып жатасыз. Эки өлкө аймагы жана экономикалык жактан бири-бирине окшош. Ошондуктан, алар кызматташтык жолдорун кеңири жана бат табат деп ишенем. Быйыл июнь айында дипломатиялык байланыштардын 17 жылдыгын белгилейбиз. Ортодо саясий түшүнбөстүктөр жок. Андыктан, биздин мамилебиз кызматташуу жана ар түрдүү экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталат", — деп белгиледи Кулубаев.

Буга чейин эки өлкө ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу макулдашуусуна кол коюлган.

Эрвин Ибрагимович виза талаптары жарандарга дагы алынып салынса деген ниетин билдирип, муну менен эки өлкөнүн ортосунда туристтик байланыштар жанданмак деген оюн айтты.

"Кыргызстанда Черногориянын Ардактуу консулдугунун ачылышы маанилүү кадам болуп саналат. Биздин өлкө сиздер менен экономика, билим берүү, маданият жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар", — деди ал.

Белгилей кетсек, Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Ардактуу консулдугу ачылды.