Чек арадан 9,5 миң куту тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби Загрузка... 19 Март 2026 12:50
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктунда рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, текшерүүнүн натыйжасында токтотулган унаанын жүк жүктөөчү бөлүгүндөгү жашыруун жайдан "Орис" маркасындагы 950 блок (9 миң 500 куту) тамеки табылган. Жүктүн акциздик маркасы жана коштомо документтери жок болгон.

Бул факты боюнча материалдар жана алынган жүк укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.