Чаткалдын даамдары. Каныш-Кыяда туризм жана гастрономия боюнча фестиваль өттү

Туризм Загрузка... 12 Ноябрь 2025 13:05

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Каныш-Кыя айылында 11-ноябрда уникалдуу туризм жана гастрономия фестивалы «Чаткал түстөрү – 2025» жана «Чаткал Даамы — Taste of Chatkal» өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Белгиленгендей, бул Чаткал районундагы ушул форматтагы биринчи иш-чара жана аймактык бренддерди, экотуризмди жана улуттук ашкананы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду. Фестивалдын максаты — Чаткалдын туризм жана гастрономиялык потенциалын көрсөтүү жана жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү, дыйкандарды, ашпозчуларды жана чыгармачыл жаштарды колдоо.

Фестивалдын коноктору кол өнөрчүлүк жана жергиликтүү азык-түлүк жарманкесине күбө болушту.

"Чаткал даамы" брендинин алдындагы тамактардын даамын татып, этноконцерт, чыгармачыл спектаклдерге, спорттук мелдештерге жана жөө жарышка, ошондой эле экологиялык кампанияларга жана жашыл демилгелерге катышышты.