Чакан жана орто бизнеске инвестиция тартуу маселеси талкууланды

Экономика 9 сентябрь 2026 11:15
Чакан жана орто бизнеске инвестиция тартуу маселеси талкууланды
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директору Коно Кэничи менен жолугушту.

Ведомствонун маалыматына караганда, тараптар чакан жана орто бизнести каржылоону кеңейтүү, узак мөөнөттүү инвестицияларга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Белгилей кетсек, 2025-жылы чакан жана орто бизнестин дун Кыргызстандын ИДПсына кошкон салымы 51,4 пайызды түзгөн.

Жолугушууда кыргыз тарап жеңилдетилген насыялоо жана «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиктери сыяктуу иштеп жаткан колдоо механизмдери тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында тараптар ЧОБду узак мөөнөттүү каржылоо жана бизнести өнүктүрүү багытында кызматташтыкты мындан ары күчөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.