Ошто абанын сапатына көз салган жаңы станция ишке кирди

Аймак 11 сентябрь 2026 13:50

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган жаңы станция ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Станция атмосфералык абанын булганышын изилдөө жана баалоо боюнча эл аралык долбоордун алкагында ачылды.

Иш-чарага мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро, Токио илим институтунун өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары катышты.

Жаңы станция Ош шаарындагы абанын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, экологиялык маселелер боюнча так маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк берет.