Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Москва районунда чакан ГЭСтин курулушунда иштеген 25тен ашык жумушчуга эмгек акы төлөбөй койгон подрядчы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 1993-жылы туулган Г.А. аттуу жаран "А.Г.Э." компаниясынан аткарылган иштер үчүн жалпы 43,4 млн сомдон ашык каражат алган. Бирок, 2025-жылдын аягында 100гө жакын жумушчунун бир бөлүгүнө айлык акы берген эмес.
Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.