Чаекте 240 үй-бүлө жаңы батирлүү болот

Президент 7 октябрь 2026 12:40
Чаекте 240 үй-бүлө жаңы батирлүү болот
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Чаекте 240 үй-бүлө жаңы батирлүү болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылыш аземинде билдирди.

"Дагы бир жакшы жаңылык, жакында эле Жумгал районунун Чаек айылында дагы 8 блоктон турган, 6 кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды", - деп белгиледи президент.

Белгилей кетсек, бүгүн Нарын облусунда 433 үй-бүлө жаңы батирлүү болду.