Чаекте жер тилкелери мыйзамсыз берилген: Кылмыш иши козголду

Укук тартиби Загрузка... 19 Март 2026 16:00
1607041.bcb3bd85c56a388abd95a9a91d55f614.jpg

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Чаек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Тергөөдө айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы белгилүү болду. Алар 2022–2023-жылдар аралыгында жарандардын арызы жок жана белгиленген кезектүүлүктү сактабастан, жалпы аянты 2,35 гектар болгон жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз бөлүп беришкен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.