Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жашы жете элек кызды ур-токмокко алып, кыйноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына Ош облусунун 1988-жылы туулган М.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 2026-жылдын 8-январынан 9-январына караган түнү, саат 23:30 чамасынан таңкы 04:00гө чейин 2009-жылы туулган кызы Р.М. аттуу жашы жете элек кызды Тазагүл, Жумагүл жана Азат аттуу жарандар эч кандай себепсиз ур-токмокко алып, кашын жана чачын кырып, кыйноого алышканын билдирген.
Окуянын кесепетинен жабырлануучу денесинен алган жаракаттары менен Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургуну Т.Н. (Тазагүл) жана 2006-жылы туулган Сузак районунун тургуну Н.А. (Азат) кармалып, Манас шаардык сотунун чечими менен 1 айга камакка алынган.
Тергөө учурунда 1988-жылы туулган Т.Н. мурда бейбаштык жана алдамчылык фактылары боюнча соттолгону аныкталган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.